Бирикменин иш планы

 

Аткарылуучу иштин мазмуну Аткаруу мөөнөтү Жооптуу Эскертүү
Уюштуруу иштери
1. 2024-2025-окуу жылы үчүн бирикменин иш планын, отурумдардын планын талкуулоо, окутуучулардын кезекчилигинин(график дежурств) иреттемелери талкуулоо бекитүү Август-сентябрь Бирикме башчысы
2. Жаны окуу жылына карата окуу кааналарын даярдыктарын көзөмөлдөө Август-сентябрь Бирикме башчысы
3. Ар түрдүү маселелер Август-сентябрь Бирикме башчысы
4. Бирикме окутуучуларынын санитардык китепчелеринин толтурулушун  көзөмөлгө алуу. Август-сентябрь Бирикме башчысы, окутуучулар
7. Ректоратка,окуу бөлүмүнө жана дирекцияга тийиштүү документтерди өз убагында тапшырып туруу. Жыл ичинде Бирикме башчысы, лаборант
8. Окутуучулардын жана лаборанттын  кызматтык милдеттерин аныктоо жана көзөмөлгө алуу. Жыл ичинде Бирикме башчысы
9. Бирикмеге тийиштүү кабинеттерди жаңы окуу жылына даярдоо. Август Окутуучулар
Окуу-методикалык иштер
1. Окутуучулардын окуу жүктөмдөрүн тактоо.Адистиктердин окуу предметтерин жана окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүү. Август

сентябрь

Бирикме башчысы
2. Предметтер боюнча  жумушчу программаларды типтүү программалардын негизинде  учурдун талабына ылайыктуу иштеп чыгуу жана бекитүү. Август

Сентябрь

Предметтик окутуучулар
3. Студенттердин өз алдынча иштөөсүн уюштуруу жана аны ишке ашыруу максатында программаларды,тапшырмаларды иштеп чыгуу. Жыл ичинде Окутуучулар
4. Бирикмеде өтүлө турган ачык сабактардын графигин түзүү жана бекитүү. Сентябрь

Февраль

Бирикме башчысы, лаборант
5. Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окуу усулдук колдонмо даярдоо жана бекитүү Октябрь Бирикме башчысы,

бирикме башчысы

6. Окуу жайдын дирекциясы жана усулдук кеңеш менен бирдикте бирикме окутуучуларынын сабактарына катышуу жана талкуулоону уюштуруу. Графиктин негизинде Бирикме башчысы, лаборант
7. Университеттин, коллеждин усулдук кеңешинин семинарларына,өткөргөн иш чараларына активдүү катышуу. Жыл ичинде Окутуучулар
8 Мамлекеттик тил күнүнө карата кече уюштуруу. Сентябрь Бирикме мүчөлөрү
9. Кыргыз тили жумалыгын өткөрүү Октябрь Предметтик окутуучулар.
10 Коллеж масштабында гуманитардык сабактар бирикмесинин жумалыгын өткөрүү. Ноябрь Бирикме башчысы

окутуучулар

11 Орус тили жумалыгын өткөрүү. Декабрь Предметтик окутуучулар.
12 Англис тили жумалыгын өткөрүү. Февраль Предметтик окутуучулар.
13 Кыргызстан тарыхы сабагы боюнча мамлекеттик аттестациялоонун прграммасын,билеттердин суроолорун текшерүү жана бекитүү. Октябрь Бирикме башчысы,

Н.А.Саримбаева

14 Студенттик жаз  лирикалык кечесин өткөрүү. Март Бирикме мүчөлөрү.
15. «Шайыр шамдагайлар» конкурсун өткөрүү. Апрель Предметтик окутуучулар.
16 Бирикмеде окуу,тарбия маселелери боюнча илимий,теориялык,усулдук талкууларды уюштуруу. Апрель Окутуучулар
17 Коллеждин педагогикалык кенешинде окуу процессин өркүндөтүү,сапаттуу билим берүү жөнүндө маселелерди коюу. Жыл ичинде Окутуучулар,

бирикме башчысы

18 Кесипке багыт берүү иштерин уюштуруу жана өткөрүү.Кабыл алуу комиссиясы менен бирдикте  иш жүргүзүү. Май

июнь

Бирикме мүчөлөрү.
19 Жаңы окуу жылына карата окуу кааналарында ремонт иштерин жүргүзүү. Июнь Бирикме мүчөлөрү.
Илимий иштер
1. Окутуучулардын илимий -теориялык, усулдук денгээлин жакшыртуу максатында квалификацияны жогорулатуу иштерине катыштыруу.  

Кезегинде

 

Бирикме башчысы

Тарбиялык иштер
1. Бирикмедеги кураторлордун тарбиялык сааттарынын иш пландарын талкуулоо жана бекитүү. Сентябрь Окутуучулар,

бирикме башчысы

2. Университет, колледж масштабында жүргүзүлүүчү маданий-массалык,спорттук иш чараларга активдүү катышуу. Жыл ичинде Бирикме мүчөлөрү.
3. Студенттердин ата-энелери менен тыгыз байланышта болуп тарбиялык иштерди алып баруу. Жыл ичинде Бирикме мүчөлөрү.