Б.Сыдыков атындагы Кыргыз– Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмеси.
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмеси 12.09.2024 пр.136 — буйруктун негизинде түзүлүп, иштеп келе жатат.
Ош шаары, Исанова 79, 5-корпус, 4чү этаж. 0779300209, zamka86@inbox.ru
Учурда Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинде 12 окутуучу: алардын 12 — штаттык негизинде жана 1 лаборант эмгектенүүдө.
Азыр бирикменин колдонуусунда 10 окуу каана, 1 көрүү каана бар. Алардын ичинен бир окуу каана “Андромед” жеке ооруканасында, бир окуу каана Ош облустук төрөт үйүндө жайгашкан.
ТПжА сабактар бирикмеси курамына төмөндөгү сабактарды камтыйт:
- Терапия
- Терапиядагы медайым иши
- Кесиптик психология
- Үй-бүлөлүк медицина
- Фтизиатрия
- Жугуштуу оорулар КИВ-инфекция жана эпидемиология курсу менен
- Тери жана венерикалык оорулар
- Нерв жана психикалык оорулар
- Паллиативдик жардамдын негиздери
- Реабилитациянын негиздери
- Неврологиядагы медайым иши
- Клиникалык патология
- Патологиянын негиздери
- Нур диагностикасы, терапиясы
- Ички оорулар клиникасында кечиктирилгис кырдаалдар
- Саламаттыкты сактоо уюмдарындагы инфекциялык көзөмөл жана инфекциялык коопсуздук
- Биринчи деңгээлдеги аялдардын ден соолугун коргоо
- Акушердик жана гинекология
- Неонатологиянын негиздери
- Педиатриядагы медайым иши
- Гинекология
Бирикмеде бүгүнкү күндө төмөнкү окутуучулар курамы эмгектенип жатышат:
- Амиракулова А.С.- «Терапия» жана «Фтизиатрия» сабактарынын окутуучусу.
- Солиева М. У. – «Терапиядагы мед айым иши» жана «Кесиптик психология» сабактарынын окутуучусу.
- Камилова Ф.А.- «Кесиптик психология», «Паллиативдик жардамдын негиздери» сабактарынын окутуучусу.
- Рахманова З.А.- «Тери жана венерикалык оорулар» сабактарынын окутуучусу.
- Урбай кызы Нуржамал — «Жугуштуу оорулар мед айым иши КИВ — инфекциясы, эпидемиология курсу менен» сабагынын окутуучусу.
- Маматоморова Н.- «Невропатологиядагы медайым иши психиатрия жана неврология курсу менен» сабагынын окутуучусу.
- Юсупова Б.- «Үй–бүлөлүк медицина», «Терапия», «Ички оорулар клиникасында кечиктирилгис кырдаалдар» сабактарынын окутуучусу.
- Айтбек к Ч. — «Жугуштуу оорулар КИВ-инфекция жана эпидемиология курсу менен» сабагынын окутуучусу.
- Эмилова К.А.- «Реабилитациянын негиздери», «Терапия» сабактарынын окутуучусу.
- Калилова А. Б.- «Биринчи денгээлдеги аялдардын ден соолугун коргоо»
сабагынын окутуучусу.
11. ТоокебаеваА.А.–«Акушердик жана гинекология жана «Неонатологиянын
негиздери» сабактарынын окутуучусу.
12. Бегалиева Г. А.– «Педиатриядагы медайым иши» сабагынын окутуучусу.
13. Маматалиева Б. М. — «Гинекология» сабагынын окутуучусу.
14. Асанова Ж.- бирикменин лаборанты.
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмеси керектүү көрсөтмө куралдар менен жетишерлик өлчөмдө камсыздалган.
Мисалы, бирикменин 7 корпус №359 каанасы студенттерге ар кандай терапиялык, акушердик жана гинекологиялык ыкмаларды үйрөтүүгө ылайыкташтырылып түзүлгөн тренажердук каана деп саналат. Ал каанада муляждар, фантомдор, бикстер, медициналык шкафтар дары-дармектери менен, ар кандай учурлар үчүн биринчи жардам аптечкалары жана башка медициналык жабдыктар жетиштүү. Ошондой эле «Нерв жана психикалык оорулары» сабагынан көрсөтмө куралдар – неврологиялык балкача, танометр, сезүүнү текшерүүчү ийнелер, баш мээнин муляждары, плакаттар жана планшеттер да бар.
Бирикменин лекциялык окуу кааналары мультимедиялык аппараттары менен камсыздалган.


