Саримбаева Наргуль Абдусатаровна
Гуманитардык сабактар бирикмесинин башчысы
1983-жылы 5 -апрелинде Ош шаарында төрөлгөн. 1989-жылы шаарындагы №36 орто мектептин 1-классына барган, ал мектепте 1998-жылга чейин билим алган. 1999-жылы Жалал-Абад областынын Сузак районун Жашасын айылынын П.Жуманазаров орто мектебинен 11-классты бүткөн. 2000-жылы мектепти аяктап Кыргыз–Өзбек Университетинин «Тарых филология» факультетине тапшырган. 2005-жылы аты аталган окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктап, ушул эле жылдын сентябрь айында аталган окуу жайдын «Философия жана культурология» кафедрасына окутуучу болуп ишке орношкон. 2006-жылы окуу жайдын «Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер» кафедрасында жана Медициналык колледждин «Гуманитардык сабактар» бирикмесинин сабактарынан окутуучулук жумушун улантты. 2009-жылдан бери аталган окуу жайда студенттерге тарых жана философия сабактарынан билим берип келе жатат.
Учурда үй–бүлөлүү, 4 кыздын 1 уулдун энеси.
Сыйлыктары:
1.2012-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин профсоюз комитетинин «Ардак грамотасы»
2.2021-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Сертификаттары:
- Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования
- Интегральная технология обучения филологическим курсам
Гуманитардык сабактар
бирикмесинин окутуучусу, медициналык колледжинин усулчусу
Баитова Бужамал Ташмурзаевна 4-ноябрь 1981-жылы Ош областынын Ноокат районуна караштуу Төөлөс айыл өкмөтүнүн Ай-Тамга айылында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылы ушул айылдын Кызыл – Октябрь орто мектебинин биринчи классына кабыл алынат. Аталган мектепти 1999-жылы ийгиликтүү аяктап, ушул эле жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты, кошумча англис тили адистигине тапшырат.
2004-жылы жогорку окуу жайды аяктап, Укук-Бизнес жана компютердик технологиялар институтуна бажы жана дүйнөлүк тилдер кафедрасына кыргыз тили окутуучусу катары жумушка орношкон.
2007-жылы Кыргыз- Өзбек университетинин медициналык колледжинин гуманитардык сабактар бирикмесине жумушка кабыл алынган. 2020-жылга чейин аталган окуу жайда кыргыз тили жана манас таануу сабактарынан студенттерге билим берип келди. Учурда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде усулчу кызматын аткарып келет. Учурда КӨАУнун аспиранты. Үй-бүлөөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси
Сыйлыктары:
2011- Университетте үзүрлүү эмгеги үчүн эмгек китепчесине алкыш
2012- Кыргыз-Өзбек университетинин ардак граммотасы
2015- Кыргыз-Өзбек университетинин ардак граммотасы
Сертификаттары:
1.»Инновационные методы обучения в компетентностной парадигме современного образования»
- Диссертацияны жазып, коргоого чыгуу технологиясы
- Трёхъязычие:-методика и интегральная технология обучения языкам
Алдашов Шукурбек Кадырбекович
медициналык колледжинин тарбиялык иштер боюнча
директордун орун басары
1971-жылы 25-ноябрда Ош областындагы Кара-Суу районуна караштуу Кара-Сөгөт айылында туулган. 1979-жылы айылдагы «Барпы» атындагы башталгыч мектепке 1-класска барган. 1989-жылы 10 классты Кара–Сөгөт орто мектебинен аяктаган.
1990-жылы Советтик Армияга чакырылып эки жыл кызмат өтөп келген.
1997-жылы Ош мамлекеттик Университетин филология факультетине тапшырып, 2002-жылы бүтүргөн.
1999-жылдан 2008-жылга чейин «Кара-Сөгөт» орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты, манас таануу сабактарынан окутуучу болуп иштеген.
2003-жылдан 2008-жылга чейин Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылдык кенешине депутаттыка шайланган.
2008-жылынан баштап Кыргыз Өзбек Университетине караштуу медициналык колледжинде кыргыз тили окутуучусу болуп иштеп келе жатат. Учурда тарбиялык иштери боюнча директор орун басары .
2012-жылдан баштап Катта-Талдык айыл өкмөтунө караштуу Ачы участкасынан жергиликтуу кенешке депутат болуп шайланган.
Үй бүлөлүү эки уул, эки кыздын атасы
Сыйлыктары:
- 2011-жылы ОшМСУнун « Ардак грамотасы» менен сыйланган.
- 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Ош обласындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
- 2016-жылы Катта-Талдык аймагындагы өнүктүрүүдөгү зор эмгеги үчүн «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
- 2021-жылы Мамлекеттик тилди ѳркүндѳтүүгѳ кошкон зор салымы үчүн “Ыйык тил” тѳш белгиси менен сыйланат.
Сертификаттары:
1.Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования
- Өздүк баалоону уюштуруу жана отчетту даярдоо
Исхаков Улугбек Мухамеджанович
Гуманитардык сабактар бирикмесинин
кесиптик математика, информатика жана кесиптик ишмердyyлyктy маалыматтык камсыздоо сабагынын окутуучусу
1978-жылы 18 мартта Ош шаарында туулган. 01.09.1984-жылы Ош шаарындагы Н.Нариманов атындагы №7 орто мектебине 1-класска барган . 1994-1996-жылдары Кыргыз-Түрк «Себат» лицейинде билим алган.
01.09.1996-жылы Ош Мамлекеттик университетинин «Физика жана метематика» факультетине тапшырган. 2001-жылы Ош Мамлекеттик университетин аяктады.
10.1999-жылдан баштап 15.01.2002-жылга чейин Ош шаарындагы №14 орто метебинде математика мугалими болуп иштеген.
15.01.2002-жылдан баштап 01.09.2004-жылга чейин Кара–Суу районундагы №69 Чынгыз Айтмаматов атындагы орто мектебинде математика жана информатика сабагынан мугалим болуп эмгектенген.
01.09.2004-жылдан ушул кунго чейин К-ѲУнун медициналык колледждинде «математика жана информатика», «кесиптик математика, информатика жана кесиптик ишмердүүлүктү маалыматтык камсыздоо» сабактарыынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.
Yй бүлѳлүү, үч баланын атасы. Эки кызы жана 1 уулу бар.
Сыйлыктары:
1.04.10.2012 жылы Кыргыз-Озбек университети тарабынан эмгек китепчесине жазуу менен алкыш жарыяланган
2.02.10.2017 жылы Кыргыз-Озбек университети тарабынан эмгек китепчесине жазуу менен алкыш жарыяланган.
Сертификаттары:
- «Билим берүү процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана методикасы: заманбап студенттердин билим жетишкендиктерин баалоо ыкмалары»
- “ЖОЖдо окутуунун эффективдүү стратегиялары”
Арапова Акмөөр Дилмуратовна
Гуманитардык сабактарбирикмесинин
Англис тили жана Латын тили
сабагынын окуутучусу
1983-жылдын 4-мартында Баткен областына караштуу Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү Көн айылында төрөлгөн.
Мектеп жашына чейин жергиликтүү бала бакчада тарбияланган.
1990-жылы жогоруда аты аталган айылдагы №9 А.Орозбеков орто мектебинин 1-классына кабыл алынган жана 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган.
2000-жылы сентябрь айынан Баткен Мамалекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы технология, экономика жана укук институтунун «Дүйнөлүк тилдер» факултетине жогорку билим алуу үчун тапшырган. 2005-жылы жогорку окуу жайын “Англис тили” адистиги кошумча “Которуу жана котормочулук” квалификациясына ээ болуу менен аяктаган.
2005-жылы өзү окуп орто билимге ээ болгон №9 А.Орозбеков мектебинде англис тили мугалими катары эмгек жолун баштаган.
2007-жылдын 11-октябрынан Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин «Гуманитардык сабактар» бирикмесинин “Латын тилинин негиздери медициналык терминология менен” жана “Англис тили” дисциплиналарынын окутуучусу болуп ишке кабыл алынган.
2014-жылдан тартып ушул күнгө чейин «Гуманитардык сабактар» бирикмесинин бирикме башчысы болуп эмгектенүүдө.
Үй-бүлөөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси
Сыйлыктары:
- “2016-жылы Студенттерге таалим-тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгектери жана Университеттин өсүп-өнүгушүнө зор салым кошкондугу үчүн университеттин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
- Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, аялдардын коомдогу ролун жогорулатууга кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги жана коомдук-саясий иштердеги активдүүлүгү үчүн 8-март Аялдардын эларалык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Сертификаттары:
- «Лингвокультурологические основы преподавания языков»
- “ЖОЖдо окутуунун эффективдүү стратегиялары”
- «Билим берүү процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана методикасы: заманбап студенттердин билим жетишкендиктерин балоо ыкмалары»
- Principles of teaching English
Муратов Толкунбек Рахманбердиевич
Гуманитардык сабактар
бирикмесинин кыргыз тили жана манас таануу сабагынын окутуучусу, 1-курстун курс башчысы
1973-жылы 19-октябрда Ноокат районуна караштуу Токтомат Зулпуев айыл өкмөтүнүн Айбек айылында төрөлгөн. Жети жашка чейин бала бакчада тарбияланып, 1981-жылы айылдагы «Октябрдын 50 жылдыгы» атындагы орто мектепте окуп,билим алган. 1991-жылы мектепти аяктап,ушул эле жылдын күз айында аскердик кызматка чакырылган. 1991-1993-жылдары кызматты өтөп, 1994-1998-жылдары айылдагы «Айбек» тамеки заводунда ферментатор-лаборант болуп иштеген. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетинин «Кыргыз филология» факультетинин Кыргыз тили жана адабияты адистигине окууга тапшырган. 2000-жылдан баштап Ноокат районундагы «А.Абдуваитов» орто мектебинде мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Ал жерде 2004-жылга чейин эмгектенип.2004-жылдан бери Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде кыргыз тили мугалими болуп эмгектенет.
Сыйлыктары:
2013-жылы Ош областтык профсоюз комитетинин «Ардак грамотасы»
2014-жылы Ош областык мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун
«Ардак грамотасы»
2018-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Сертификаттары:
1.»Инновационные методы обучения в компетентностной парадигме современного образования»
- «Педагогдун инновациялык ишмердүүлүгүнүн кесиптик-педагогикалык аспектилери»
Yй-бүлөлүү, 2-уулдун атасы.
Абдураимов Кадыралы Абсаматович
Гуманитардык сабактар бирикмесинин
кесиптик ишмердүүлүктү укуктук камсыздоо сабагынын окутуучусу,
2-курстун курс башчысы
1980-жылы 24-ноябрда Араван районуна караштуу Тепе Коргон айыл өкмөтүндөгү Бостон айылында туулган. 1988 жылы Араван районунундагы №26 Кыргызстан орто мектебине 1-класска барган.
1998-жылы орто мектепти аяктап, Кыргыз-Өзбек университетинин юридика-бажы факультетине тапшырган. 2003-жылы аталган окуу жайдын юриспруденция адистигин аяктаган.
2003-жылы Аскердик кызматка чакырылып, Бишкек шаарында Улуттук гвардияда кызмат отогон.
2008-жылы Кыргыз–Өзбек университетинин медициналык колледжинде укук- таануу , Кесиптик ишмердуулукту укуктук камсыздоо сабагы боюнча мугалим болуп жумушка кирген.
2008-жылдан бери аталган окуу жайда кесиптик ишмердуулукту укуктук камсыздоо сабагынан билим берип келуудо.
Yй –бүлөлүү: 2 уул 1 кыздын атасы.
Сыйлыктары:
- 2016-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
- 2017-жылы КРнын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Сертификаттары:
1.»Билим берүү-педагогикалык процесс катары»
- Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования
Алиханова Айнура Мамазариповна
гуманитардык сабактар
бирикмесинин орус тили сабагынын окутуучусу
1969-жылы 19-ноябрда азыркы Ош областындагы Фрунзе районуна караштуу Хайдеркен шаарчасында туулган. 1976-жылы Кара-Суу районуна караштуу Отуз –Адыр айылында №75 Н.К. Крупская атындагы орто мектебинин 1-классынын босогосун аттаган. 1986- жылы аталган мектепти аяктап, ошол эле жылы Россия Федерациясындагы Магнитогорск шаарындагы Магнитогорский Мамлекеттик Педагогикалык Институнун «Ордена Знак Почета» атындагы институтунун филологиялык факультетине тапшырган. 1991-жылы жогоруда аты аталган окуу жайдын орус тили жана адабияты адистигин ийгиликтуу аяктап, ушул эле жылы Ош шаарындагы №14 орто мектебине мугалимдик жумушка кабыл алынган.1992-жылы сентябрь айынан 1999-жылга чейин Отуз–Адыр айылдагы №75 Н.К. Крупская атындагы орто мектебинде окуу бөлүм башчысы болуп иштеген. 1999-жылдын сентябрь айынан 2001-жылга чейин которуу иретинде №13 «Отуз-Адыр» орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2001- жылдын 2004-жылга чейин аты аталган мектепте директор болуп иштеген.
2006-жылдан азыркы мезгилге чейин КӨ-Унун медициналык колледжинде окутуучу болуп эмгектенет.
Үй -бүлөлүү: Бир уул, бир кыздын энеси.
Сыйлыктары:
- 2012-жылы КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак граматасы менен сыйланган
- 2014-жылы ОшМСУнун Ардак грамотасы менен сыйланган
- 2017-жылы КРнын Билим берүү жана илим министирлиги КӨУнун “Эң мыкты куратор”
Сертификаттары:
- «Онлайн-лекторий»
- Дистанционных просветительских,
образовательных и научно-методических мероприятий
- «Практическая методика обучения РКИ. Тестирование»
- Дистанционных просветительских,образовательных и научно-методических мероприятий “Изучаем русский язык-узнаем Россию!”
Машрапова Айнагул Абакировна
гуманитардык сабактар
бирикмесинин англис тили
сабагынын окуутучусу
1982-жылы 22-июнда Ош областынын Кара-Кулжа районун Сары-Булак айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган. 1988-жылы Кызыл Октябрь орто мектебинин босогусун аттаган. 1999-жылы мектепти ийгиликтуу аяктап, ушул эле жылы Ош Технологиялык Университетин «Эл аралык мамилелер» факультетине тапшырган. 2004-жылы ОшТУ ну аяктаган. Эмгек жолун 2003-жылы Ош шаарындагы №27 орто мектепте англис тили мугалими болуп иштеген. Ал эми 2006-жылдан 2008-жылга чейин Ош областтык балим берүү башкармалыгына караштуу балдардын чыгармачылык борборунун усулчусу жана болум башчы болуп иштеген.
2008-жылдан сентябрь айынан ушул кунго чейин Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин медициналык колледжинде «Гуманитардык сабактар» бирикмесинде чет тили жана латын тили окутуучусу болуп эмгектенип келет.
Уй-булоолуу: 1 уул, 1 кыздын энеси.
Сыйлыктары:
1.25.12.2019-жылы Кыргыз Республикасынын «Ала-Тоо айымы» төш белгиси менен сыйланган.
Сертификаттары:
1.»Лингвокультурологические основы преподавания языков»
- Интегральная технология обучения филологическим курсам
- Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования
Сулайманова Миргүл Кадырбековна
гуманитардык сабактар бирикмесинин
чет тили жана латын тили сабагынын окутуучусу
1984- жылдын 26 –январда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаны-Базар айылында туулган.
1991- жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел орто мектебине 1-класска барган. 1993-жылы Ноокат районуна караштуу Алтын-Казык орто мектебине которулуп, аты аталган мектепти 2001-жылы ийгиликтуу аяктаган.
2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер факультетине “Чет тили жана адабияты окутуучусу” адистигине тапшырып, 2006-жылы ийгиликтүү аяктаган.
2006-жылдан 2011-жылга чейин КӨУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер факультетинин “Чет тилдер” кафедрасында окутуучу болуп иштеген.
2012-жылдан баштап Кыргыз- Өзбек университенинин медициналык колледжинин “Гуманитардык сабактар” бирикмесинде чет тили жана латын тилдеринен окутуучу болуп эмгектенип келет
Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын энеси.