Медициналык колледждин
Директору
Талипов Насир Төлөшович
1976-жылы 1-январында Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Кайрат айылында туулган. Үй-бүлөөлү, 1 уул, 2 кыздын атасы. 1996-жылы Жалал-Абад медициналык училищасынын “Фельдшердик бөлүмүнө” тапшырып, 1999-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын «Дарылоо иши» адистигине тапшырып, 2005-жылы аяктаган. 2005-жылы КММАнын Оштогу «Дипломдон кийинки окуу борборуна» хирургия адистиги боюнча клиникалык ординатурага тапшырган. 2007-жылы дарыгер-хирург адистигин алуу менен аяктаган. Эмгек жолун 2003-жылы Бишкектеги №1 шаардык оорукананын операция жана хирургия бөлүмдөрүндө иштөөдөн баштаган. 2008-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледждин “Жалпы медициналык сабактар” бирикмесинин башчысы кызматында эмгектенип келет. 2014-жылдан тартып Ош шаардык ооруканасынин неврология бөлүмүнүн – ургаал жана жандандыруу бөлүмүнүндө дарыгер-реаниматолог кызматында айкалыштыруу менен иштеп келе жатат.
Жалпы медициналык сабактар бирикмесинин башчысы
Токтобаева Рахат Орозбековна
1979-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку, Кыргыз-Өзбек университетинин Табигый-педагогикалык факультети, адистиги – биология мугалими, педагогикалык стажы – 15 жыл, иштеген кызматы — «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин башчысы. 1986-жылдан 1996-жылга чейин Барпы Алыкулов атындагы №38 орто мектебинде окугамын. 1996-1997-жылдары Өзгөн райондук ооруканаада санитарка болуп иштегем. 1997-жылы Ош медициналык училищенин “Дарылоо-акушердик иши” адистигине тапшырып, окуу жайды 2000-жылы артыкчылык менен аяктагамын. 2002-жылдан тартып 2003-жылга чейин Өзгөн районундагы Жыланды айылынын “Белек” аттуу ФАПта патронаж медайымы болуп иштедим. 2003-2005-жылдары Ош медициналык училищенин “Основы сестринского дела” бирикмесинин лаборанты болуп эмгектендим. 2005-жылдан тарта илимий-педагогикалык тармакта иштеп келүүдөмүн. 2005-ж. Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Основы сестринского дела» сабагынын окутуучусу; медициналык колледжинин кыздар кенешинин төрайымы, 3-4 курсунун курс башчысы болуп эмгектендим. 2019-жылдан баштап «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинин башчысы болуп эмгектенип келем. Өзүмүн педагогикалык ишкердүүлүгүмдө жаны технологияларды кеңири колдонуп, окуутуунун усулдарын жана формаларын оптималдуу түрдо аткарып келем. Жаңы мууңдарды даярдоодо көп салым кошуп, университеттин, медициналык колледждин коомдук иштерине активдуу катышып келем. Студенттерге билим берүүдө жана тарбиялоодо, университеттин коомдук иштеринде жетишкен чоң ийгиликтери үчүн Ардак грамота менен сыйлангам. «Мыктылырдын мыктысы-2014» номинациясында «Эн мыкты куратор» номинациясынын жеңүүчүсүмүн. Үй-бүлөөлүмүн, 4 баланын энесимин.
Медайым ишинин негиздери сабагынын окутуучусу
Кудайбердиева Айнура Мусажановна
1970-жылы 2-апрелде Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Жапалак айылында туулган. 1977-жылы №76 Н.Г. Чернышевский атындагы орто мектептин 1- классына кабыл алынып, 1987-жылы ийгиликтуу аяктаган. 1988-1990 жылдары Джалал-Абад медициналык окуу жайында окуп «сестралык иши» адистигине ээ болгон. 1990-1994 жылы Ош шаарындагы куруучулардын медициналык санитардык болумундо хирургиялык медайым болуп иштеген. т 1994-2001 жылдары уй-булолу болгонуна байланыштуу Кадамжай районунун «Джаны-Айыл» ФАП-да медайым болуп иштеген. 2001-2004 жж БатМУнун биология факультетинин сырттан окуу болумундо окуп, «биология мугалими» адистигине ээ болгон. 2002-2012 жж Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу «Жошук» орто мектебинде биология мугалими болуп эмгектенген. 2013-жылдан азыркы убакка чейин Ош МСУнун медициналык колледжинин «жалпы медициналык сабактар» бирикмесине сестралык иштин негиздери сабагынан окуутучу болуп эмгектенип жатат. Азыркы учурда Үй-бүлөөлү бир уул, эки кыздын энеси.
Медайым ишинин негиздери сабагынын окутуучусу
Ганиева Дилбара Абдусаламовна
1983-жылы 25-апрелде Ош шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3кыз 1уулдун энеси. 1990-жылы Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо орто мектебине кабыл алынып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2002-жылы Ош шаардык ооруканасынын Кадырлар бөлүмүнө инспектор кызматына алынган. 2003-жылы Ош шаарындагы медициналык колледждин “ Медайым иши” бөлүмүнө тапшырып, 2006-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктаган. 2007-жылы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын АДО бөлүмүндө хирургия жана травматология каналарында медайым болуп иштеген.2006-2012-ж.ж Ош мамлекеттик университетинде биология факультетин окуп ,”Биология мугалими” адистигине ээ болгон. 2015-2019-жылы ЦСМ №1 8филиалында,ийне сайуу канасында медайым болуп иштеген.2015-2016-жылдары Ош медициналык колледжинде “Медайым ишинин негиздери” сабагынын окутуучусу болуп иштеген. 2019-жылдын сентябрь айынан баштап К-ӨУнун медициналык колледжинде лаборант жана «Медайым ишинин негиздери» сабагынын окутуучусу кызматында эмгектенип келе жатат. Медицина тармагында эмгек стажы 17 жыл. Билим берүү тармагында эмгек стажы 4жыл
Фармакология сабагынын окутуучусу
Мырзабаева Айгүл Абдибаитовна
1972-жылы 09-ноябрда Ош областына караштуу Кара-Cуу районундагы Мады айылынын Курманжан-Датка айыл өкмөтүндө туулган. 1980-жылдан 1990-жылга чейин Кара-Cуу районуна караштуу №87 III-Интернационал орто мектебинде окуган. 1990-жылдан 1996-жылга чейин Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институтунун дарылоо факультетинде окуган. 1996-жылдан 1997-жылга чейин интернатураны Ош шаардык клиникалык ооруканада терапия бөлүмүндө өтөгөн. 1997-жылдан 2004-жылга чейин Отуз-Адыр өкмөтүндө жайланышкан СВА Отуз-Адыр амбулаториясында терапевт болуп эмгектенген. 2013-жылдын сентябрь айынан бери Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык Университетинин медициналык колледжинин жалпы медициналык сабактар бирикмесинде фармакология сабагынан окутуучу болуп эмгектенет. Υй-бүлөөлүү, 4 баланын энеси.
Фармакология сабагынын окутуучусу
Хашимова Табассум Исматиллоевна
1984-жылы 21-январда Ош шаарында торолгон. 1990-жылдан 2000-жылга чейин «50-лет» орто мектебинде окуган. 2000-жылдын сентябрь айынан баштап 2003-жылга чейин Ош мед.училищесинде билим алган. Ушул эле жылы 2003-жылдан 2004-жылга чейин «Тоо-Деми» ЦСМде иштеген. 2005-жылдан 2006-жылга чейин К-ӨУнун медициналык колледжинде лаборанттык кызматта эмгектенген.2006-жылдын сентябрь айынан тартып 2012-жылга чейин Ош МУнун медициналык факультетинде окуган. 2012-жылдан 2014-жылга чейин ЮЖФКГМАда «Акушерство и гинекология» адистиги боюнча ординатураны откон. 2014-жылдын сентябрь айынан тартып азыркы учурга чейин К-ӨУнун медициналык колледжинин «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинде «Фармакология» сабагынын окутуучусу болуп эмгектенип келе жатат. Үй-бүлөлүү, эки кызы бар.
Фармакология сабагынын окутуучусу
Эрматов Азат Зарипбекович
1981-жылы 6-августта Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Жоош айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 кыз ,2 уулдун атасы. Ош областына караштуу Алай районундагы И.Умаров атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган. Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясын “Дарылоо иши” адистиги боюнча 2005-жылы аяктаган. Кесиби-врач-хирург. 2006-жылдан 2011-жылга чейин Алай аймактык ооруканасында иштеген. 2019-жылдан тартып Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде окутуучу болуп эмгектенип келет.
Фармакология сабагынын окутуучусу
Касымбекова Айгүль Аскарбековна
1969-жылы 17-февралда Ош шаарында төрөлгөн 1976-жылы Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы Коммунист орто мектебине 1-класска келген
1986-жылы орто мектепти бүтүп. Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия факультетине кабыл алынган.
1992-жылы КММИ ийгиликтүү аяктап врач педиатр кесибине ээ болгон.
Алиева Эльмира Кадыралиевна
Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин
Микробилогия сабагынын окутуучусу
1985-жылы Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылында туулган.
2007-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын санитардык факультетинин «Эпидемиолог» адистигин аяктаган.
2008-2010-жылдары Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда врач- эпидемиолог болуп эмгектенген.
2014-жылдын сентябрь айынан тартып, Кыргыз- Өзбек университетинин медициналык колледжинде микробиология, адамдын гигиенасы жана экологиясы жана дени сак адам жана анын чөйрөсү сабактарынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.
2017-жылы «Проведение не зависимой аккредетации программ и организаций профессионального образования» сертификатын алган. Стоматология адистигине Микробиология, вирусология жана иммунология менен предмети боюнча окуу-усулдук комплекс жана окуу-усулдук колдонмо иштеп чыккан.
2020-жылы Тech MUGALIM долбоорунун негизинде «PEARDECK онлайн окутуу» программасы боюнча 36 саат көлөмүндөгү квалификацияны жогорулатуу курсуна катышып, сертификат алган. 2021-жылы Кыргыз-Өзбек университети тарабынан уюштурулган “Билим берүү-педагогикалык процесс катары” аттуу семинар-тренингге катышып, сертификат алган. 2021-жылы “Педагогдун иннновациялык ишмердүүлүгүнүн кесиптик-педагогикалык аспектилери” деген темада окууга катышып, сертификатка ээ болгон. 2021-жылы “Билим берүү процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана методикасы: заманбап студенттердин билим жетишкендиктерин баалоо ыкмалары” темасы боюнча окутуу тренингге катышып, сертификат алган. Жалпы эмгек стажы 15 жыл, анын ичинен медициналык колледжде педогогикалык эмгек стажы 8 жыл. Сабакты өтүүдө окутуунун традициялык жана интерактивдүү методдорун колдонот. Предмети боюнча документация иштерине так жана жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Коомдук иштерге активтүү катышат, куратордук тайпасы менен тыгыз иш алып барат.
Сыйлыктары:
Ош областык СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан, 1- декабрь-бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата, ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан иш чараларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланган.
Мугалимдердин кесиптик майрамына карата студент жаштарга билим, тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгектери жана университеттин өсүп-өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ардак грамота. Үй бүлөлүү, бир уул, эки кыздын энеси.
Омарбекова Нурийла Каныбековна
1974-жылы 16-июлда Ош шаарында төрөлгөмүн. Төрөлгөндөн баштап ата-энем менен бирге Ош шаарында Гагарин көчөсүндө 242-үйдө жашаганмын. Атам Жунусмаматов Каныбек Ош насос заводдунда башкаруучу болуп иштеген. Апам Коконова Санталат азык-түлүк дүкөнүндө сатуучу болуп иштеген. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Биринчи класска окуганга чейин бала бакчада тарбиялангамын. 1981-жылы Ош шаарындагы А.Навои атындагы №18 орто мектепке 1-класска баргамын. Ошол жерде 8-класска чейин окудум. 8-классты артыкчылык аттестаты менен бүтүргөмүн. 8-классты аяктагандан кийин 1989-жылы Майлуу-Суу шаарындагы Медициналык орто окуу жайына тапшырып, аны 1992-жылы кызыл диплом менен бүтүруп, медайым кесибине ээ болгомун. 1992-1998-жылдары Майлуу-Суу шаардык поликлинкасында иштегенмин. 1998-2004-жылдары ЖАГУнун Биология факультетин бүтүргөмүн. 2000-2004- жылдары Майлуу-Суу шаардык санитардык эпидемиологиялык станцияда эпидемиологдун жардамчысы, кийин лаборант болуп иштегенмин. 2004-жылдан баштап, 2019-жылга чейин Майлуу-суу медициналык колледжинде окутуучу болуп иштегенмин. Шартка байланыштуу Ош шаарына көчүп келип, ишке орноштум. 2019-2024 жылдары Ош шаарындагы XXIV партсъезд № 27 орто мектебинде эмгектенип келдим. 2024 жылдан баштап Кыргыз- Өзбек Университетинин медициналык колледжинде окуутучу болуп эмгектенип жатам. Үй-бүлөлүүмүн 3 баланын энесимин. Даарегим: Ош шаары, Салиева көчөсү, 44б, 3 батир.
Медициналык колледждин
Окутуучусу
Алтынбек уулу Жарасул
1995-жылы 24-январында Ош областынын Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл окмотуно караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Уй-булолу, 1 кыз, 1 уулдун атасы.
2014-жылы ОшМУнун медицина факультетинин «Дарылоо болумуно» тапшырып, 2020- жылы ийгиликтуу бутургон.
2021-жылы Россия Федерациясында РОСБИОТЕХ Университетине ординатурага тапшырып, дарыгер уролог адистигигин 2023-жылы аяктаган.
2024-жылдан тартып Кыргыз-Озбек Университетинде медициналык колледждин «Жалпы медициналык сабактар» бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенет.