Амиракулова Айчүрөк Сапарбаевна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин башчысы
1983-жылы 15-апрелде Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган.
1989-жылы Куршаб айылындагы, А.Тангатаров атындагы интернат-гимназиясынын биринчи классына кирип, мектепти 1999-жылы аяктаган.
Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырган.
2005-жылы бул университетти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Врач дарылоочу» квалификациясына ээ болгон.
2005-2007-жылдары КММА, КММКДжАЖИ Оштогу дипломдон кийинки билим берүү борборунда клиникалык ординатура бөлүмүндө «Терапевт дарыгер» адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 2008-жылы КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесинде “Үй-бүлөлүк медицина” жана “Терапия” сабактарынын окутуучусу болуп иштөөдөн баштаган.
2011-жылдын сентябрынан баштап А.С.Амиракулова КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесинде жетекчи болуп жигерлүү эмгектенүүдө. Ал жетектеген бирикмеде 10 окутуучу, 1 лаборант талыкпастан иш алып барууда.
Үй-бүлөлүү 2 уул 3 кыздын сүйүктүү энеси.
Студент жаштарга билим, тарбия берүүгө кошкон салымы жана окуу жайдагы үзүрлүү эмгеги үчүн КӨЭАУнун “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
2017-ж көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана Билим Берүү тармагына кошкон салымы үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Солиева Мухаббат Уктамовна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин – Терапиядагы мед айым иши сабагынын окутуучусу.
1972-жылы 23-январда Ош шаарында туулган. 1979-жылы Ош шаарындагы №22 «Октябрь 50-жылдыгы» атындагы мектебинин биринчи классына кирип, мектепти 1989-жылы аяктаган. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында Андижан Мамлекеттик медицина институтуна тапшырган. 1989-жылдан-1995-жылга чейин Андижан медициналык институтунда окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эмгек жолун 1995-жылы ОМОКБда интернатурадан баштаган.
1996-жылдан-2005-жылга чейин №1 ЦСМде үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенген. 2005-жылдан бери Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келет.
Үй-бүлөлү, 1 уул 3 кыздын ажарлуу энеси.
Студент жаштарга билим, тарбия берүүгө кошкон салымы жана окуу жайдагы үзүрлүү эмгеги үчүн КӨЭАУнун “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Урбай кызы Нуржамал
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин — Жугуштуу ооруларындагы медайым иши КИВ-инфекциясы менен сабагынын окутуучусу
1983-жылдын 6-апрелинде Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган. Ошол эле айылдын 1990-жылы “Б. Асранкулов” атындагы орто мектептин босогосун аттаган.
2000-жылы мектепти аяктап, ошол жылы жогорку окуу жайга тапшырган. Ош Мамлекеттик университитетинин медициналык факультетинде окуп, 2006-жылы аны ийгиликтүү аяктаган. 2006-2008-жылдары клиникалык ординатурасын аяктап, «Врач-офтальмолог» деген сертификатына ээ болгон. Эмгек жолун 2008-жылы УВД поликлиникасында врач — офтальмолог болуп иштөөдөн баштаган. 2012-2014-жылы Р.Ф.Москва шаарында «Соммедэксперт» жеке медициналык борборунда врач-офтальмолог болуп иштеген. 2014-жылдын сентябрь айынан баштап «Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинде «Жугуштуу оорулар» сабагынан окутуучулук кызмат ордунда эмгектенип келет. 2014-жылы дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин интернатурасында окуп, аны бүтүрүп, «Врач-терапевт» адистиги боюнча сертификат алган. Учурда 1 кыз 1 уулдун сүйкүмдүү энеси.
Рахманова Замира Абдразаковна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин терапия сабагынын окутуучусу.
1986-жылы 9-февралда Жалал-Абад областында Жалал-Абад шаарында туулган. 1993-жылы №14 лицей босогосун аттаган 2004-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырган. 2010-жылы ошол факультетти ийгиликтүү аяктаган. 2010-жылы Ош шаардык төрөт үйүндө клиникалык интернатурасын өтөп, 2011-жылы ийгиликтүү аяктап, «Акушер-гинеколог» квалификациясына ээ болгон. 2014-жылы КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесине «Терапия» сабагынын окутуучусу катарында кабыл алынган. 2015-жылы «Дарыгер терапевт» сертификатына ээ болгон.
Азыркы убакта «Терапия» жана «Фтизиатрия» сабагынын окутуучусу болуп эмгектенип жатат. Учурда 2 уул 1 кыздын энеси.
Камилова Феруза Абдумуталовна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин терапия, паллиативдик жардамдын негиздери сабагынын окутуучусу
1982-жылы 1-июлда Андижан областынын Джалалкудук районуна караштуу Катартал айылында туулган. 1989-жылы 60-жылдык орто мектептин босогосун аттап, 1999-жыл мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин «Дарылоо иши» адистигине тапшырган. 2005-жылы бул университетти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Врач дарылоочу» квалификациясына ээ болгон. 2005-2007-жылдары КММА, КММКДжАЖИ Оштогу дипломдон кийинки билим берүү борборунда клиникалык ординатура бөлүмүндө «Терапевт дарыгер» адистигин аяктаган. 2007-жылынан баштап ЦСМ№1 Филиал№1 поликлинасында терапевт дарыгер болуп иштеген. 2012-жылдын сентябрь айынан бери КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келет.
Учурда 2 кыз 1 уулдун ажарлуу энеси.
Юсупова Бактыгүл Эрмековна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин үй-бүлөлүк медицинадагы медайым иши сабагынын окутуучусу
1987-жылы 25-ноябрда Ош областына караштуу Төлөйкөн айылында туулган. 1994-жылы айылдын “Жолон Мамытов” атындагы орто мектебине 1-класска кадам таштап, 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырып, 2011-жылы «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Врач дарылоочу» квалификациясына ээ болгон. 2011-2012-жылга чейин клиникалык интернатурасын Ош шаардык клиникалык ооруканасында өтөп, «Даарыгер-терапевт» сертификатын алуу менен аяктаган. 2013-жылы КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесине «Терапия» сабагынын окутуучу болуп жумушка кирген жана эмгектенип келүүдө. Азыркы учурда 2 баланын энеси.
Еркинбаева Эркайым Асановна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин нерв жана психикалык оорулар сабагынын окутуучусу
11-август 1986-жыл Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. 1993 жылы айылындагы «Абдукаимов» атындагы орто мектебинин 1- классына кадам таштаган. 2004-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик Университетинин медициналык факультетине тапшырган. 2011-жылы университетти аяктап, 2012-жылы ОМОКБда интернатурасын өтөп, «Даарыгер невропатолог» адисине ээ болгон. 2011-жылы июль айында ЦСМ №9 поликлиникасында дарыгер- невропатолог болуп жумушка орношкон. 2014-жылы «Травматическое поражение ЦНС» темасында квалификациясын жогорулаткан. 2014-жылы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесине окутуучу болуп жумушка кабыл алынган. Азыркы учурда 3 уул 2 кыздын ажарлуу энеси.
Асанова Жаңылай Асановна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин лаборанты
16-март 1991-жылы Ош областына караштуу Ош шаарынын Озгур айылында туулган.
1997-жылы №33 С.Алымкулов атындагы орто мектебине 1-класска кадам таштап, 2008-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы академик М.М Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинин Табигый техникалык факультетинин «Колдонмо математика жана информатика» адистигине тапшырып, 2013-жылы ошол эле адистиги боюнча математик, системалык программист квалификациясына ээ болгон. 2012-жылы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине медициналык колледжине жалпы медициналык сабактар бирикмесине лаборанттык кызматка орношкон. Азыркы күнгө чейин ушул колледжде терапия, педиатрия акушердик сабактар бирикмесинде лаборанттык кызматта жана гуманитардык сабактар бирикмесинде маалыматтык технология жана кесиптик ишмердүүлүктү маалыматты камсыздоо сабагынан окутуучулук кызматта эмгектенип келе жатат. Учурда үй-бүлөлүү 3 уулдун сүйкүмдүү энеси.
Айтбек кызы Чолпон
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин жугуштуу ооруларындагы медайым иши КИВ-инфекциясы менен сабагынын окутуучусу
1996-жылдын 9-декабрь Ош облусунун Кара –Кулжа районуна караштуу Кан-Коргон айылында туулганмын. 2003-жылы Жусуп Мамыр атындагы орто мектебине 1-класска барып, 2013-жылы ийгиликтүү аяктаганмын. Ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырып, 2020-жылы «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Врач дарылоочу» квалификациясына ээ болгон. Университетти 2020-жылы аяктап,ординатурага тапшырдым. 2022-жылы семейный врач адистигине ээ болдум. 2022-2023жылдары ОшМУнун Эпидемиология,Микробиология жана жугущтуу оорулар кафедрасына “ Микробиология” сабагынын окутуучу болуп жумушка киргенмин. 2023-жылдын 1-сентябрынан КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесине « Жугуштуу ооруларындагы мед.айым иши КИВ-инфекциясы менен” сабагынан окутуучу болуп жумушка кирип, эмгектенип келүүдөмун. Азыркы учурда 2 баланын апасымын.
Эмилова Кенжегуль Аманбаевна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин реабилитациянын негиздери жана жугуштуу ооруларындагы медайым иши КИВ-инфекциясы эпидемиология курсу менен сабагынын окутуучусу
1978-жылдын 20-майында Ош шаарына караштуу “Кеңеш” айылында туулган. Ошол эле айылдын 1985-жылы №30 “А. Алиев” атындагы орто мектептин босогосун аттаган. 1995-жылы мектепти аяктап, ошол жылы жогорку окуу жайга даярдоо курсунда окуган. 1996-жылы Ош Мамлекеттик университитетинин медициналык факультетинде окуп, 2002-жылы аны ийгиликтүү аяктаган. 2002-2004-жылдары клиникалык ординатурасын аяктап, «Врач-терапевт» деген сертификатына ээ болгон. Эмгек жолун 2009-жылы ЖОКБнын кардиореанимация бөлүмүндө врач кардиореаниматолог болуп иштөөдөн баштаган. 2016-жылы ошол эле ооруканаанын жасалма бөйрөк бөлүмүнө которулуп эмгектенген. 2023-жылдын сентябрь айынан баштап «Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинде Реабилитациянын негиздери жана жугуштуу ооруларындагы мед.айым иши КИВ-инфекциясы эпидемиология курсу менен сабагынан окутуучулук кызмат ордунда эмгектенип баштады. Учурда 4 кыз 1 уулдун сүйкүмдүү энеси.
Жамалова Тазагуль Жаныбековна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин тери жана венерикалык оорулар, кесиптик психология сабагынын окутуучусу
Жамалова Тазагуль Жаныбековна 1992-жылы 26-августа Ош областына караштуу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган. 1998-жылы А. Темирбаев атындагы №47 орто мектебинин 1-классына кадам таштаган. 2009-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин “Дарылоо иши” адистигине тапшырган. 2011- жылы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын “Дарылоо иши” адистигине которулат. 2016-жылы ушул эле окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. 2018-жылы КММА, КММКДжАЖИ Оштогу дипломдон кийинки билим берүү борборунда клиникалык ординатура бөлүмүндө «Терапевт дарыгер» адистигин аяктаган. 2018-жыл Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжнинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесине окутуучу болуп эмгектенүүдө.
Калилова Айсулуу Бөрүбаевна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин биринчи денгелдеги аялдардын ден-соолугун коргоо гинекология сабактарынын окутуучусу
Калилова Айсулуу Бөрүбаевна 1979-жылы 13-сентябрда Ош областына караштуу, Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн, Борбаш айылында туулган. 1986-1996-жылы Борбаш орто мектебин аяктаган. 1996-2003-жылы Кыргыз Мамлекттик Медициналык Академияны артыкчылык менен аяктап “Педиатр” адистигине ээ болгон. 2003-2005-жылы Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2005-жылы Ош медициналык колледжинде ардактуу “Акушер, гинеколог” мугалими жана “Жаштар комитетинин тєрайымы” болуп иштеген. 2005-2015-жылдардын аралыгында билимин жогорулатуу үчүн кєптєгєн сертификаттарга ээ болгон. 2012-жылдан тартып Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинде билим берип иштеп келе жатат. Үй-бүлөөлү, 5 баланын мээримдүү апасы.
Тоокебаева Айчүрөк Аскарбековна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин педиатрия, акушердик жана гиекология сабактарынын окутуучусу
Тоокебаева Айчүрөк Аскарбековна 1985-жылдын 4-февралда Ош областына караштуу Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган. 1992-2003 жылдары Алай районунун Сопу-Коргон айылында Токтогул атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 2004-2010-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык факультетин аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2010-2011-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2012-жылдан тартып “Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин” медициналык колледжинин “Педиатрия, акушердик жана гинекология” сабактар бирикмесинде билим берип иштеп келе жатат. 2009-жылдан тартып “Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин” медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар сабактар бирикмесинде билим берип иштеп келе жатат. Үй-бүлөөлү, 6 баланын сүйүктүү апасы.
Маматалиева Багдадгүл Меликозиевна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин акушердик жана гиекология сабактарынын окутуучусу
Маматалиева Багдадгүл Меликозиевна 1984-жылы 8-сентябрда Ош областына караштуу, Кара-Суу районунун, Ишкаван айылында туулган. 1991-1999 жылдары Кара-Суу районунун Ишкаван айылында №16 Я.М.Свердлов атындагы орто мектебин артыкчылык күбөлүгү менен аяктаган. 1999-2002-жылы Ош Торговый колледжинин финансы кредит адистигине ээ болгон. 2002-2008-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Факультетин аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2008-2010-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2010-жылдан бери Ош облустук аймактык ооруканын тєрєт үйүнүн, тєрєт бєлүмүндє даарыгер акушер-гинеколог болуп иштеп келе жатат. 2010-жылдан тартып Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинде билим берип иштеп келе жатат. Үй-бүлөөлү, 4 баланын мээримдүү апасы.
Бегалиева Гүлкан Абдимомуновна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин акушердик жана гиекология сабактарынын окутуучусу
Бегалиева Гүлкан Абдимомуновна 1978-жылдын 20- июнь айында ОШ областына караштуу, Кара-суу районунун Правда айылында туулган. 1984-1995 жылдары Ош областынын Кара-суу районунун Правда айылына караштуу “Правда” орто мектебин окуп, аяктаган. 1996-2002-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык факультетин аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2002-2004-жылдары Оштогу дипломдон кийиинки медициналык Билим берүү борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2005-жылдан тартып 2019-жылга чейин Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында врач Акушер-Гинеколог болуп иштеген. 2019- жылдан тартып Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, медициналык колледжинин, терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинде билим берип иштеп келе жатат. Үй-бүлөөлү, 3 баланын мээримдүү апасы.
Сайдимарова Жумагул Сайдимаровна
Терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин Педиатрия, Акушердиктеги жана гинекологиядагы медайым иши сабагынын окутуучусу
1996-жылдын 26-январь Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Достук айылында туулганмын. 2003-жылы Достук атындагы орто мектебине 1-класска барып, 2013-жылы ийгиликтүү аяктаганмын. Ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырып, 2020-жылы «Педиатрия» адистиги боюнча «Врач неонатолог» квалификациясына ээ болгонмун. Университетти 2020-жылы аяктап,ординатурага тапшырдым. 2023-жылы неонатолог адистигине ээ болдум. 2022-жылдан бери ОМОКБнын төрөт стационарында врач неонатолог болуп эмгектенип келүүдөмун. 2024- жылдын 2-октябрынан баштап КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин Педиатрия, Акушердиктеги жана гинекологиядагы медайым иши сабагынын окутуучусу болуп эмгектенип жатамын.
Абдувайип кызы Айзат
Терапия,педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин Педиатрия ,Акушердиктеги жанан гинекологиядагы медайым иши сабагынын окутуучусу
Абдувайип кызы Айзат 24 мартта 1991 жылы Ош шаарында ул Абдыкадырова 197/28 . 1997- И Раззаков аттындагы орто билим беруу мектебине кадам таштап 2008ж ошол эле мектепти аяктадым. 2008–ОШМУ нун медициналык факультетинине тапшырдым «педиатрия» адистигине 2014ж окууну ийгиликтуу аяктадым. 2014-2015ж ОШМУ дипломдон кийинки билим беруу борборунун базасында «неонатология» адистигине ээ болдум. 2015ж дан бери ОМОКБнын төрөт стационарында наристелер жандандыруу бөлүмүндө эмгектенип келүүдөмүн. 2024- жылдын 2-октябрынан баштап КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапия, педиатрия жана акушердик сабактар бирикмесинин Педиатрия, Акушердиктеги жана гинекологиядагы медайым иши сабагынын окутуучусу болуп эмгектенип жатамын. Үй-бүлөлүү 2 баланын энеси