Амиракулова Айчүрөк Сапарбаевна
Терапиялык сабактар бирикмесинин
1983-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган.
1989-жылы Куршаб айылындагы, А.Тангатаров атындагы интернат-гимназиясынын биринчи классына кирип, мектепти 1999-жылы аяктаган. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырган.
2005-жылы бул университетти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, Дарылоо иши адистиги боюнча Врач дарылоочу квалификациясына ээ болгон.
2005-2007-жылдары КММКДжКЖИнин туштук филиалынын дипломдон кийинки билим берүү бөлүмүндө окуп, «Терапевт-дарыгер» сертификатына ээ болгон.
Эмгек жолун 2008-жылы КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесинде “Үй-бүлөлүк медицина” жана “Терапия” сабактарынын окутуучусу болуп иштөөдөн баштаган.
2011-жылдын сентябрынан баштап, А.С.Амиракулова КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесине жетекчи болуп жигерлүү эмгектенүүдө. Ал жетектеген бирикмеде 9 окутуучу, бир лаборант талыкпастан иш алып барууда.
Үй-бүлөлүү 2 уул 3 кыздын сүйүктүү энеси.
Студент жаштарга билим, тарбия берүүгө кошкон салымы жана окуу жайдагы үзүрлүү эмгеги үчүн КӨЭАУнун “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
2017-жылы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана Билим Берүү тармагына кошкон салымы үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Ош шаардык кенешинин ардак грамотасы менен сыйланган.
Солиева Мухаббат Уктамовна
Терапиялык сабактар бирикмесинин терапиядагы мед айым иши биринчи медициналык жардам курсу менен сабагынын окутуучусу.
1972-жылы Ош шаарында туулган. 1979-жылы Ош шаарындагы №22 Октябрдын 50-жылдыгы атындагы мектебинин биринчи классына кирип, мектепти 1989-жылы аяктаган.
1989-1995-жылдары Андижан Мамлекеттик медициналык институтунда окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында интернатурадан баштаган.
1996-2005-жылдары №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунда үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенген.
2005-жылдан бери Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келет.
Үй-бүлөлү, 1 уул 3 кыздын ажарлуу энеси.
Студент жаштарга билим, тарбия берүүгө кошкон салымы жана окуу жайдагы үзүрлүү эмгеги үчүн КӨЭАУнун “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Урбай кызы Нуржамал
Терапиялык сабактар бирикмесинин
Жугуштуу ооруларындагы медайым иши КИВ-инфекциясы менен сабагынын окутуучусу 1983-жылдын 6-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган. 1990-жылы ошол эле айылдын Б. Асранкулов атындагы орто мектебинин босогосун аттаган.
2000-жылы мектепти аяктап, ошол жылы жогорку окуу жайга тапшырган. Ош Мамлекеттик университитетинин медициналык факультетинде окуп, 2006-жылы аны ийгиликтүү аяктаган.
2006-2008-жылдары клиникалык ординатурасын аяктап, «Врач-офтальмолог» деген сертификатына ээ болгон.
Эмгек жолун 2008-жылы УВД поликлиникасында врач-офтальмолог болуп иштөөдөн баштаган.
2012-2014-жылдары Москва шаарында «Соммедэксперт» жеке медициналык борборунда врач-офтальмолог болуп иштеген.
2014-жылдын сентябрь айынан баштап Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесинде окутуучулук кызматта эмгектенип келет.
2014-жылы дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин интернатурасында окуп, аны бүтүрүп, «Терапевт-дарыгер» сертификатын алган.
Учурда 1 кыз 1 уулдун сүйкүмдүү энеси.
Рахманова Замира Абдразаковна
Терапиялык сабактар бирикмесинин
терапия сабагынын окутуучусу.
1986-жылы Жалал-Абад шаарында туулган.
1993-жылы №14 лицейдин босогосун аттаган. 2004-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырган. 2010-жылы ошол факультетти ийгиликтүү аяктаган.
2010-жылы КММКДжКЖИнин туштук филиалынын дипломдон кийинки билим берүү бөлүмүнө тапшырып, 2011-жылы аны ийгиликтүү аяктап, «Акушер-гинеколог» квалификациясына ээ болгон.
2014-жылы КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесине «Терапия» сабагынын окутуучусу катарында кабыл алынган.
2015-жылы «Терапевт-дарыгер» сертификатына ээ болгон.
Учурда 2 уул 1 кыздын энеси.
Студент жаштарга билим, тарбия берүүгө кошкон салымы жана окуу жайдагы үзүрлүү эмгеги үчүн КӨЭАУнун “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Камилова Феруза Абдумуталовна
Терапиялык сабактар бирикмесинин
Терапия сабагынын окутуучусу
1982-жылы Андижан облусунун Джалалкудук районуна караштуу Катартал айылында туулган. 1989-жылы 60-жылдык орто мектебинин босогосун аттап, 1999-жыл мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин Дарылоо иши адистигине тапшырган.
2005-жылы бул университетти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, Врач дарылоочу квалификациясына ээ болгон.
2005-2007-жылдары КММКДжКЖИнин туштук филиалынын дипломдон кийинки билим берүү бөлүмүндө окуп, «Терапевт-дарыгер» сертификатына ээ болгон.
2007-жылдан баштап №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун №1 филиалында терапевт дарыгер болуп иштеген.
2012-жылдын сентябрь айынан бери КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесинде окутуучу болуп эмгектенип келет.
Учурда 2 кыз 1 уулдун ажарлуу энеси.
Юсупова Бактыгүл Эрмековна
Терапиялык сабактар бирикмесинин
Үй-бүлөлүк медицинадагы медайым иши сабагынын окутуучусу
1987-жылы Ош облусуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган.
2005-жылы Жолон Мамытов атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ош Мамлекеттик университетинин медициналык факультетине тапшырып, 2011-жылы Дарылоо иши адистиги боюнча Врач дарылоочу квалификациясына ээ болгон. 2011-2012-жылга чейин клиникалык интернатурасын Ош шаардык клиникалык ооруканасында өтөп, «Терапевт-дарыгер» сертификатын алуу менен аяктаган. 2013-жылы КӨЭАУнун медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесине «Терапия» сабагынын окутуучусу болуп жумушка кирген жана азыркы учурга чейин эмгектенип келүүдө.
Азыркы учурда 2 баланын энеси.
Еркинбаева Эркеайым Асановна
Терапиялык сабактар бирикмесинин
Нерв жана психикалык оорулар сабагынын окутуучусу
11-август 1986-жыл Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган.
1993-жылы Абдукаимов атындагы орто мектебинин 1-классына кадам таштаган.
2004-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик Университетинин медициналык факультетине тапшырган.
2011-жылы университетти аяктап, 2012-жылы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында интернатурасын өтөп, Невропатолог адисине ээ болгон.
2011-жылы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборуна невропатолог болуп жумушка орношкон.
2014-жылы «Травматическое поражение ЦНС» темасында квалификациясын жогорулаткан.
2014-жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин терапиялык сабактар бирикмесине окутуучу болуп жумушка кабыл алынган.
Азыркы учурда 3 уул 1 кыздын ажарлуу энеси.
Асанова Жаңылай Асановна
Терапиялык сабактар бирикмесинин
лаборанты
1991-жылы Ош облусуна караштуу Карасуу районунун Озгур айылында туулган.
1997-2008-жылдары Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №5 мектеп-гимназиясында окуган. 2008-жылы М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин табигый-техникалык факультетинин колдонмо математика жана информатика адистигине тапшырып, 2013-жылы Математик, системдүү программист квалификациясына ээ болгон
2012-жылы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин жалпы медициналык сабактар бирикмесине лаборанттык кызматка орношкон.
Азыркы күнгө чейин ушул колледжде терапиялык сабактар бирикмесинде лаборанттык кызматта жана гуманитардык сабактар бирикмесинде информатика сабагынан окутуучулук кызматта эмгектенип келе жатат.
3 уулдун сүйкүмдүү энеси.