Бирикменин түзүмү

Ниязалиева Зейнеп Курманбековна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин  башчысы

1975-жылы 1-октябрда Араван районунун Араван айылында туулган.

1992-жылы Араван районундагы А.Навои орто мектебин күмүш медаль менен аяктаган.

Улуту кыргыз, билими жогорку. 1992-жылы Ош Мамлекеттик университетинин «Табият-таануу жана география» факультетинин «Химия кошумча биология» адистигине тапшырып, 1997-жылы  аяктаган.

Эмгек жолун 1997-жылы  Кыргыз-Өзбек университетинде инженердик технология факультетинде лаборант болуп иштөөдөн баштаган. 1998-жылдын сентябрь айынан тартып окутуучу кызматына өткөн. Аты аталган университеттин 2005-жылдан ушул күнгө чейин медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде бирикме башчы болуп эмгектенип келе жатат. Тажрыйбалуу окутуучу, эмгек стажы 25 жыл, педагогикалык стажы 24 жыл. Төмөндгү багыттарда квлификациясын жогорулатып, сертификаттарга ээ болгон: «Критическое мышление и профессиональная этика преподавателя», разработка учебных программ на основе компетентсносного подхода, внутренняя система оценки качества образования, критерии совершенства EFQM, нормативно-правовая база системы высшего образования КР, использование информационных технологий в учебном процессе, педагогтун кесиптик компетентүүлүгү, интерактивные методы обучения, мамлекеттик тил жана иш кагаздарын окутуу, проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования, билим берүүдөгү окутуунун салттуу жана инновациялык моделдери.  «Органикалык химия» жана «Органикалык эмес химия» сабактарынан окуу-усулдук комплекс иштеп чыккан. Ошондой эле органикалык химия сабагынан окуу-усулдук колдонмолорду жарыкка чыгарган.

Окуу иштеринде жана жаштарды тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери үчүн бир нече жолу «Алкыш баракчалары» жана «Ардак грамоталары» жана университеттин 25 жылдыгына карата билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош облустук комитетинин ардак грамотасы менен сыйланган менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү,  үч баланын энеси.

 

Ташбаева Жылдыз Аширбаевна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

фармацевтикалык технология сабагынын окутуучусу

1985-жылы Жалал-Абад облусунун Таш – Көмүр шаарында туулган. 1992 жылы Таш-Көмүр шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы № 4-орто мектепке биринчи классына барган.

2003-жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Түрк «Себат» кыздар лицейин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын Фармация институтунун «Фармацевт» адистигине тапшырган.

2008-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын Фармация институтунун «Фармацевт» жогорку адистигин аяктаган.

2010-жылдын сентябрь айынан тартып, Б Сыдыков атындагы Кыргыз Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинде фармацевтикалык технология сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Ушул сабактан окуу-усулдук комплекс жана окуу-усулдук колдонмо иштеп чыккан.

Окуу иштеринде жана жаштарды тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери үчүн «Алкыш баракчалары» жана «Ардак грамота» менен сыйланган. Ошондой эле сертификаттарга ээ болгон.

 

 

 

 

Рахманова Икболхон Абдужалиловна

Химия, биология жана фармация  сабактар бирикмесинин

фармацияны уюштуруу жана экономикасы сабагынын окутуучусу

1962-жылы Ош облусуна караштуу Нариман айылында туулган. 1969-жылы «22-партсьезд» атындагы орто мектепке кирип,  1979- жылы алтын медаль менен бүткөн.

1984-жылы Ташкент фармацевтикалык институтунун «Провизор» адистигин аяктаган.

1984-жылдан тартып, 1998-жылга чейин Ош шаарындагы №5-даарыканада провизор, бөлүм башчысы жана улуу провизор болуп эмгектенген.

1998-жылдан 2012 – жылга чейин Ош шаардык ооруканасында провизор- аналитик жана аптека башчысы болуп эмгектенген.

2012-жылдын февраль айынан баштап, Кыргыз-Өзбек  университетинин медициналык колледжинде «Фармацияны уюштуруу жана экономикасы» сабагы боюнча окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Ушул сабак боюнча окуу-усулдук комплекс иштеп чыккан.

2018-жылы «Окуу процессиндеги тестирлөөнү колдонунуунун теориясы жана усулу» темасы боюнча окутуу тренингден өттү.

2019-жылы «ЖОЖдо окутуунун эффективдүү стратегиялары»  аттуу тренингке катышып, сертификатка ээ болду.

2020-жылы Ош Гуманитардык-Педагогикалык Институту  Кесиптик чеберчиликти жогорлатуу курсу.

 

Бердибаева Жанылбү Рахмановна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

медициналык генетика сабагынын окутуучусу

1982-жылы 27-августта Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган.

1989-1999-жылдары Алай районунун Талды-Суу орто мектебинде билим алган.

1999-2001-жылдары Ош медициналык училищадан «Лабораториялык аныктоо» адистигин, андан кийин 2011-2015-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин «Табият таануу жана педагогика» факультетинин «Биология мугалими» адистигине ээ болгон.

2012-жылдан 2017-жылга  чейин Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде лаборанттык кызматында, 2018-2019-окуу жылынан баштап химия, биология жана фармация бирикмесинде “Медициналык генетика” сабагынан окутуучу жана 3-4-курстардын курс башчысы болуп эмгектенип келе жатат.

2021-2022-окуу жылында студенттерге билим берүүнү жакшыртуу максатында «Биология медициналык генетиканын негиздери менен» жана «Медициналык генетика» сабагынан окуу-усулдук комплекс жана окуу-усулдук колдонмо иштеп чыкты.

2021-жылы Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ тарабынан уюштурулган “Наука в современном мире: состояние и перспективы” деген аталыштагы  эл аралык илимий-практикалык конференцияга катыштып сертификатка ээ болду.

2021-жылы Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУнун «Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасы жана «ЭКО+» илимий изилдөө борбору тарабынан уюштурулган студенттердин илимий-практикалык конференциясында катышкан эки студенттерге жетекчилик кылган.

Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУ нун “Илим, билим, техника” журалынын 2021-жыл №2-санына “Атмосферанын булганышынан адамзатка тийгизген таасирлери” деген темадагы макаласы жарыяланды.

13-январь 2022-жылы авторлор А.Тажибаев, Ж.Р.Бердибаева.“Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн көп жылдык сабактарынын салыштырма анализи” деген темадагы макаласы чет өлкөлүк журналдан жарыяланды. “World Science”   https://doi.org/10.31435/rsglobal_ws/30012022/7748

2020-жылы Кыргыз-Өзбек университети тарабынан университеттеги үзүрлүү эмгектери жана студент жаштарга билим, тарбия берүүгө кошкон зор салымдары үчүн «Ардак грамота» менен сыйланган.

Кесиптик жактан өнүгүү үстүндө төмөндөгү багыттарда квалификациясын жогорулатып, сертификаттарга ээ болгон:

04.01.2019  «ЖОЖдо окутуунун эффективдүү стратегиялары»

25.01.2020 «Педагогика жана окутуунун методикасы»

2020-жыл, февраль Илимий макала жазуу технологиясы

2020-жыл, февраль Диссертациялык изилдөө жүргүзүү технологиясы

2021-жыл, январь “Билим берүү-педагогикалык процесс катары”

2021-жыл “Педагогдун инновациялык ишмердүүлүгүнүн кесиптик –педагогикалык аспектилери”

16.12.2021 “Педагогический дизайн в цифровой образовательной среде”

2022-жыл “Кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары”.

Жалпы  эмгек стажы 10 жыл. Университетеги эмгек стажы он жыл.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин «Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасында 02.08 – экология адистиги боюнча аспирант.

Үй бүлөлүү, беш баланын энеси.

 

 

Тайирова Айгуль Абдиллакимовна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

ботаника сабагынын окутуучусу

1981-жылдын    5-апрелде Баткен облусунун Баткен шаарында төрөлгөн.

1988-1998-жылдары Баткен-гимназия орто мектебинде билим алган.

1998-2003-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Табият таануу жана география» факультетинде «Биология кошумча химия» адистигин аяктап,  жогорку билимге ээ болгон.

2004-2006-жылы Ош шаарындагы «Учар» орто мектебинде «Биология жана химия» сабактарынан мугалим болуп эмгектенген.

2011-2012 жылы Өзгөн районунун Өзгөн-шаарындагы С. Шарипов орто мектебинде «Биология» сабагынан мугалим болуп иштеген.

2015-жылдын 6-мартынан баштап  Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде «Ботаника» сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Тажрыйбалуу окутуучу, эмгек стажы 17 жыл, педагогикалык стажы 17 жыл.

2017-жылы «Көз карандысыз аккредитация» боюнча семинарга  катышып сертификатына ээ болгон.

«Билим берүүдөгү окутуунун салттуу жана инновациялык моделдери» темасы боюнча окутуу тренингден өтүп сертификатка ээ болду.

2019-жылы «Диссертацияны жазып,коргоого чыгуу технологиясы» программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп сертификатка ээ болду.

2020-жылы Ош Гуманитардык-Педагогикалык Институту  Кесиптик чеберчиликти жогорлатуу курсу.

2020-жылы TechMUGALIM  «PEARDECK онлайн окутуу» программасы боюнча 36 саат көлөмдөгү квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү.

2021-жылы “Педагогдун инновациялык ишмердүүлүгүнүн кесиптик-педагогикалык аспектилери”

2021-жылы “Педагогический дизайн в цифровой  образовательной средой” программада квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

 

Арынова Айгул Эргешовна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

Химия сабагынын окутуучусу

1977-жылы 27-январда Ош облусуна караштуу Фрунзе районунун Үч-Коргон айылында туулган.

1984-1994-жылдары Ноокат районунун Э.Тельман атындагы орто мектебинде окуган.

1994-1999-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Табият таануу жана география» факультетинде жогорку билим алган.

2000-2003-жылдары Ош облусунун Ноокат районундагы Д.И.Менделеев атындагы орто мектебинде химия  сабагынан мугалим болуп иштеген.

2003-жылы Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту тарабынан «Окутуу тарбиялоо жана өнүктүрүү – бирдиктүү процесс” аттуу облустук илимий-методикалык конференцияда   Ардак грамота  менен сыйланган.

Азыркы учурда  химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинде химия сабагынан   окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Медициналык колледжде аялдар кенешинин төрайымы, окутуучу айымдарга жана студент кыздарга туура кенешин берип келүүдө. Коомдук иштерге активдүү катышат. Медициналык колледжде спорттун волейбол түрү боюнча айымдар командасынын капитаны. Ар жылы өтүлүүчү спорттук мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, «Мыкты оюн уюштуруучу» наамы менен сыйланган.  Экологиянын негиздери  сабагынан окуу-усулдук комплекс жана окуу-усулдук колдонмо иштеп чыкты.

Кошумча билими:

(билимин жогорулаткандыгы тууралуу маалымат)

  • 2014-жылы «Интерактивные методы обучение» боюнча семинарга катышып,  сертификатына ээ болгон. ОО  “БАГЫТ KG»
  • 2016-жылы «Мамлекеттик тил жана иш кагаздарын окутуу» боюнча семинарга катышып,  сертификатына ээ болгон.
  • 2018 -жылы “Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования” Сертификат ААОПО
  • 2018-жылы “Өздүк баалоону уюштуруу жана отчетту даярдоо” программасы боюнча квалификациясын жогорулаткан сертификат. Эл баасы аккредитациялык агенттиги
  • 2019-жылы «Диссертацияны жазып, коргоого чыгуу технологиясы» программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп, сертификатка ээ болду.

 

Маматова Айсалкын Алтыбаевна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

Химия сабагынын окутуучусу

1972-жылы 6-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу  Көк-Бел айылында туулган.

Орто мектепти 1989-жылы бүтүргөн. 1990-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун “Табият таануу жана география” факультетинин “Химия кошумча биология” адистигин 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1995-2000-жылдары Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл — Сеңир айылындагы №26 Полот Жолдошов атындагы мектебинде “Химия-биология” мугалими болуп иштеген.

2000-2008-жылдары Ош шаарындагы У.Салиева атындагы таланттуу балдар лицейинде химия мугалими болуп иштеген. 2009-жылдан баштап Кыргыз-Өзбек Университетинин медициналык колледжинин “Химия, биология жана фармация” бирикмесинде  химия-биология  сабагынан окутуучу болуп үзүрлүү эмгектенип келет. Студенттерге билим берүүнү жакшыртуу боюнча SEA программасы боюнча «Старттык эксперимент»(2016), «Тилди жана предметти интеграциялап окутуу» (CLIL 2017) семинарларына катышып, окутуунун жаны усулдарын колдонуп сабак отуп келет. 2017-жылы студенттерге билим берүүдөгү  ишмердүүлүгү үчүн  «Эн мыкты мугалим» сыйлыгын алган. «Аналитикалык химия» сабагы боюнча окуу усулдук комплекс жана “Органикалык эмес химия” сабагы боюнча студенттер үчүн колдонмо чыгарды. 2017-2019-жылдары USAIDдин  “Келгиле, окуйбуз!” долбоорунда, 2020-2022-окуу жылдары “Окуу керемет!” долбоорунда  Улуттук Тренер болуп иштейт. 

Кесиптик жактан өнүгүү:

  • 2006-жылы “Удостворение о краткосрочном повышении квалификации”. Кыргызской академии образования
  • 2006-жылы “Развитие критического мышления через чтение и письмо” Сертификат Фонд поддержки образовательных инициатив
  • 2014-жылы “Педагогдун кесиптик компетенттүүлүгү”курсун өткөндүгү тууралуу Сертификат. К-ӨУ
  • 2015-жылы “Подход стартовых экспериментов, SEA”     Сертификат. Региональная программа “Реформа систем образования в Центральной Азии”
  • 2017- жылы “Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования”  Сертификат ААОПО

2018 -жылы   “Проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования”  Сертификат ААОПО

  • 2018-жылы “Өздүк баалоону уюштуруу жана отчетту даярдоо” программасы боюнча  квалификациясын жогорулаткан Сертификат. Эл баасы аккредитациялык агенттиги
  • “ Көз карандысыз аккредитациялоонун эксперттерин даярдоо” программасы боюнча квалификациясын жогорулаткандыгын ырастаган Сертификат. “Эл баасы” аккредитациялык агенттиги 2018-жыл.
  • 2018-жылы “Предметти  жана тилди  интеграциялап окутуунун методикасынын негиздери CLIL. Базалык курс” Сертификат  96 сааттык.  ББ жана ИМ, Социалдык интеграциялык борбору.  Каттоо № 3291, Бишкек.
  • 2017-жылы “Мыкты студенттик ийрим”  конкурсуна катышып Диплом менен,

ушул эле жылы  “Мыктылардын мыктысы -2017” тандоосу боюнча  “Эң мыкты окутуучу” наамы берилген.

  • Башталгыч мектеп окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган USAIDдин “Келгиле, окуйбуз!” долбоору боюнча Улуттук Тренер.  2017-2019-жылдар

Улуттук Тренердик тажрыйба:

  1. Тыбыштык кабыл алуу жана алфавит менен таанышуу
  2. Шар окуу
  3. Сөз байлыгы жана окуганын түшүнүү
  4. Калыптандыруучу баалоо
  5. Кайтарым байланыш
  6. Инсанга багытталган окутуу
  7. Калыптандыруучу баалоо
  8. Классификацияланган окуу материалдарын колдонуу
  9. Коомчулуктун жана ата-энелердин китеп окууга катышуусу
  10. Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көнүмдөрүн калыптандырууга ата-энелерди жана коомчулукту тартуу
  • “Билим беруу жана тарбиялоо процессин уюштуруудагы заманбап педагогикалык технологиялар” программасы боюнча Креатив-Таалим билим берүү комплекси.   Сертификат
  • «Санарип мугалим» онлайн окуусунун катышуучусу. Сертификат 2020-жыл
  • TechMUGALIM долбоорунун “PEAR DECK онлайн окутуу” программасы боюнча Сертификат. №0095 Октябрь 2020-жыл
  • Онлайн университет платформасынын “Кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары” квалификацияны жогорулатуу курсу. 36 саат. № 0447. 2021-жыл октябрь. Сертификат.
  • Башталгыч мектеп окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору боюнча Улуттук Тренер.  2021-2022-жж.

Улуттук Тренердик тажрыйба:

  1. Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу – 3- модуль
  2. Башталгыч мектептеги чыгармачыл жазуу – 4-модуль
  3. Башталгыч мектептеги күн сайын жазуу – 5-модуль
  4. Башталгыч мектепте дифференцияланган окутууну колдонуу- 1-модуль.
  5. Башталгыч мектепте тилди жана предметти интеграциялап окутуу(CLIL) – 2-модуль.

 

Сыйлыктары: 

  • 2003-жылы ОшТУнун У.Салиева атындагы лицей мектебинин “Грамотасы”
  • 2005-жылы ОшТУнун У.Салиева атындагы лицей мектебинин “Ардак грамотасы ”
  • 2010- жылы Күбөлүк № 665. “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгиси. Буйрук № 25/4
  • 2016-жылы К-ӨУнин студенттерге таалим-тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгеги жана Университеттин өсүп-өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн “Алкыш”
  • 2017-жылы илимий ишмердүүлүктө чоң ийгиликтерге жетишкендиги үчүн “Мыкты студенттик ийрим” номинациясындагы Диплом.
  • 2017- жылы “Мыктылардын мыктысы -2017” К-ӨУнин “Эң мыкты окутуучу” наамы.
  • 2018- жылы КРнын Ош облусттук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн“Ардак грамотасы”

Буйрук № 124-б

  • 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы.
  • 2020-жылы К-ӨЭАУнун “Эң мыкты куратор” номинациясы.
  • 2021-жылы “Эң мыкты видеосабак” конкурсунун жеңүүчүсү 1-орун, Диплом.

К-ӨЭАУ

 

Юсупова Рахима Гуламовна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

химия сабагынын окутуучусу

1957-жылдын 16-апрелинде Ош шаарында туулган. 1974-жылы Ош шаарындагы № 26 орто мектебин аяктаган.

1976- жылы Фрунзе шаарындагы медициналык училищасына тапшырып, 1979-жылы «Санитардык-фельдшер» адистигине ээ болуп, кызыл диплом менен ийгиликтуу аяктаган.

1979-жылдан 1984-жылга чейин Беларусь республикасынын Витебск шаарындагы Медициналык институтунун фармацевтикалык факультетин бүтүрүп, «Провизор» адистигине ээ болгон.

1984-жылдан 1998-жылга чейин Ош областык аптека башкаруунун көзөмөл аналитикалык лабораториясында эмгектенген.

1998-жылдан 2014-жылга чейин Түштүк филиалындагы даары-дармек менен камсыздандыруу департаментинде башкы адис болуп иштеген. Ушул эле организацияда мыкты эмгеги үчүн «Отличник здравоохранения» наамына ээ болгон.

2014-жылдан бери Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация» бирикмесинде «Фармацевтикалык химия» сабагынан окутуучусу болуп эмгектенип келүүдө.

2018-жылы « Окуу процессиндеги тестирлөөнү колдонунуунун теориясы жана усулу» темасы боюнча окутуу тренингден өттү.

2019-жылы «ЖОЖдо окутуунун эффективдүү стратегиялары»  аттуу тренингке катышып, сертификатка ээ болду.

2020-жылы Ош Гуманитардык-Педагогикалык Институту  Кесиптик чеберчиликти жогорлатуу курсу.

2021-жылы “Педагогический дизайн в цифровой  образовательной средой” программада квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү.

Жалпы  эмгек стажы 46 жыл. Университетеги эмгек стажы 8 жыл.

 

Ианалиева Разван Турдубековна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

Химия,  биология сабагынын окутуучусу

1987-жылы 24-мартта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Талдык айылында туулган.

Орто мектепти 2004-жылы аяктап, ошол эле жылы Ош мамлекеттик   универстетинин Табият-таануу факультетине тапшырып, 2009-жылы биология кошумча химия  адистигин аяктаган.

2013-жылдын октябрь айынан баштап Кыргыз — Өзбек университетинин медициналык колледжинин химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинде химия,  биология   сабактарынан окутуучу болуп эмгектенет.

2017-жылы «Көз карандысыз аккредитация» боюнча семинарга катышып, сертификатка  ээ болгон.

«Билим берүүдөгү окутуунун салттуу жана инновациялык моделдери» темасы боюнча окутуу тренингден өттү.

2020-жылы Ош Гуманитардык-Педагогикалык Институту  Кесиптик чеберчиликти жогорлатуу курсунан өткөн.

2020-жылы Тech MUGALIM долбоорунун негизинде «PEARDECK онлайн окутуу» программасы боюнча 36 саат көлөмүндөгү квалификацияны жогорулатуу курсуна катышып, сертификат алган.

2020-жылы микробиология  предмети боюнча окуу-усулдук комплекс  жана окуу-усулдук колдонмо иштеп чыккан.

2021-жылы “Билим берүү процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана методикасы: заманбап студенттердин билим жетишкендиктерин баалоо ыкмалары” деген темада сертификат алган.

2021-жылы Кыргыз-Өзбек университети тарабынан уюштурулган “Билим берүү-педагогикалык процесс катары”  аттуу семинар-тренингге катышып, сертификат алган.

2021-жылы “Педагогдун иннновациялык ишмердүүлүгүнүн кесиптик-педагогикалык аспектилери” деген темада окууга катышып, сертификатка ээ болгон.

2022-жылы “Жаңы кылым – жаңы мугалим” долбоорунун алкагында, окуучулардын  билим алуусуна шык берген мугалимдин методдору” 72 сааттык сертификат

Сыйлыктары:

2020-жылы Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан жарыяланган “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата өткөрүлгөн “ЭҢ МЫКТЫ ВИДЕОСАБАК” конкурсунда медициналык багыты боюнча I орунду ээлегендиги үчүн I даражадагы диплом менен сыйланат.

Ош областык СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан, 1- декабрь-бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата, ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча өткөрүлүп жаткан иш чараларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланган.

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата студент жаштарга билим, тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгектери жана университеттин өсүп-өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ардак грамота.

Жалпы эмгек стажы 9 жыл. Сабакты өтүүдө окутунун традициялык жана интерактивдүү методдорун колдонот.  Предмети боюнча докуметтация иштерине так жана жоопкерчиликтүү мамиле кылыт. Коомдук иштерге активтүү катышат, куратордук тайпасы менен тыгыз иш алып барат.

Үй- бүлөлүү 3 баланын энеси.

 

Мамаякупова Дамира Маматалиевна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

фармацияны уюштуруу жана экономикасы сабагынын окутуучусу

  1961жылы 1- майда Кара-Суу районуна караштуу Кенеш совхозунда туулган.

1977 жылы У.Салиева атындагы кыздар мектебин аяктаган.

1977 жылы Ташкенттеги фармацевтикалык институтка кирип, 1982 жылы аяктаган. 1982 Ош облустук  аптекоуправленияга провизор-аналитик болуп ишке кирген.

1992-2004 жылдары Областтык төрөт үйүнүн аптекасында заведушей Аптекой болуп иштеген.

2004-2010 жылдары ОсОО «Мээр — чөп» фирмасында склад башчысы  болуп иштеген.

2010 жылы ОсОО Стимул фармацевтикалык аптекасын ачып иштеген.

2017-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Фармацияны уюштуруу жана экономикасы» сабагынан окутуучу болуп эмгектнип жатат.

 

Зайнидинова Алина Алманбетовна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

фармацияны уюштуруу жана экономикасы сабагынын окутуучусу

27- марта 1990- жылы  Чуй обласында туулган.

1997- жылы биринчи класска Военно-  Антоновка орто мектеп – гимназия мектебине барган жана ошол эле мектепти 2008- жылы бүтүргөн. Ошол жылы Бишкек медициналык колледжге  “Фармация” адистигине  тапшырып, 2011 –жылы аяктаган. 2011- жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына кечки окуу бөлүмүнө тапшырган, 2014-жылы аяктаган.

Азыркы учурда «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде «Фармацияны уюштуруу жана экономикасы» сабагынан окутуучусу болуп эмгектенип келе жатат.

 

Туреева Санабар Орунбековна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

фармакогнозия сабагынын окутуучусу

10- сентябрда 1948- жылы Ош обласынын Нариман айылында туулган.

1974- жылы институтту аяктагандан кийин Ош шаарында аптеканын бөлүм башчысы болуп иштеген.

1997- жылы Ош шаардык  ооруканасынын дарыкаанасында бөлүм башчы болуп дайындалган.

2000 — жылы Бишкек шаарындыгы «Айдан-фарм» ОсОО Ош жана Жалал-Абад шаарларынын региондук  өкүлү болуп эмгектенген.

Азыркы учурда Кыргыз Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде «Фармакогнозия» сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. «Фармакогнозия» сабагынан окуу-усулдук комплекс иштеп чыкты.

 

 

Аширова Гулзада Шабданбековна

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

фармакогнозия сабагынын окутуучусу

1979-жылы 16-августта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Эшме айылында төрөлгөн. 1986-жылы А.Осмонов атындагы №61 орто мектебинде 6-класска чейин билим алган.

1992-1996-жылдары У.Салиева атындагы №28 таланттуу балдар  лицей мектебинде окуп, ийгиликтүү аяктаган.

1996-жылы  Ош технологиялык университетинин Юридика факультетине тапшырып, 2001-жылы  “Юриспруденция” адистигине ээ болгон.

2004-2010-жылдары Кара-Суу районунун Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо департаментинде эмгектенген.

2013-жылы Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин  “Фармация” адистигине тапшырып, 2016-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2017-жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин “Фармация” адистигине тапшырган. 2020-жылы жогорку “Фармацевт” адистигине ээ болгон.

2020-жылы Ош регионалдык медициналык колледжинде эмгек жолун баштаган.

2021-жылдан тартып Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин “Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде Фармакогнозия жана Фармацевтикалык технология сабактарынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.

Ош мамлекеттик университетине караштуу “Адис” окуу борборунан “Педагогика жана психология” курсун аяктап, сертификатка ээ болгон.

Үй- бүлөлүу, 4-баланын энеси.

30-июлда 1999-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу   Ой-Тал айылында туулган.

2006-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу   Ой-Тал айылындагы К. Орунбеков атындагы орто мектебинде биринчи класска барган, 2017- жылы аяктаган.

2017-жылы   Кыргыз — Өзбек университетинин  Юридика-бажы факультетине  тапшырып, 2021- жылы аяктаган.

2022-жылы февраль айынан  баштап Б. Сыдыков атындагы  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинде лаборанттык кызматта эмгектенип жатат.

 

Медициналык колледжинин

Химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин

лаборанты.

Оморбек кызы Тахмина

30-июлда 1999-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу   Ой-Тал айылында туулган.

2006-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу   Ой-Тал айылындагы К. Орунбеков атындагы орто мектебинде биринчи класска барган, 2017- жылы аяктаган.

2017-жылы Б. Сыдыков атындагы  Кыргыз — Өзбек университетинин  Юридика-бажы факультетине  тапшырып, 2021- жылы аяктаган.

2022-жылы февраль айынан  баштап Б. Сыдыков атындагы Кыргыз Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинде лаборанттык кызматта эмгектенип жатат.