27-апель күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жыйындар залында медициналык колледждеги адистиктердин негизги билим берүү программаларын талкуулоо боюнча иш берүүчүлөр менен жолугушуу болду. Жолугушууну ачып берүү үчүн сөз окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Исаков Топчубай Эргешовичке берилип, университет боюнча кеңири маалымат берип өттү. Медициналык колледждин директору Талипов Насыр Төлөшович жолугушуунун максаты менен тааныштырып, келген конокторго ыраазычылык билдирип өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө адистиктердин негизги билим берүү программалары, окуу пландары, компетенциялар иш берүүчүлөр менен бирге суроо- жооп аркылуу талкуу болду. Билим берүү сапатын баалоо, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусун жана коомдо талап болуп жаткан адистиктерди аныктоо максатында өнөктөштөр тарабынан сунуштар айтылды. Иш чара соңунда келген конокторго экскурсия уюштурулуп, окуу жай менен таанышып чыгышты.