Б.Сыдыков атындагы  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин       30 жылдык мааракесине карата Мамлекеттик тил  жана социалдык иштер бөлүмү жана студенттик жаштар комитети тарабынан уюштурулган «КӨЭАУнун мырзасы-2024» кароо-сынагы болуп өттү. Кароо-сынакта университеттин  факультеттери жана колледждерден танданган 8 мырза   ат салышты.

Жыйынтыгында  өзгөчө таланттары менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө  ээ болгон медициналык колледждин фармация адистигинин 3-курсунун студенти Акматов Арзыбек  баш байгени багындырып, “КӨЭАУ мырзасы-2024”-деп табылды.  Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлык  жана дипломдор тапшырылды.