2024-жылдын 23-май айында М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университетинин жыйындар залында Кыргыз-Түрк “Манас” унивеситетинин профессору, доктор  Бакыт Боркоев жана доктор Ферхан Түмер «Жаңы муундагы дары-дармек изилдөөлөрүндө 1-2-3-триазондор” жана “Жаңгак кабыктарынын адсорбциялык касиеттери”  деген темадагы илимий изилдөөнүн жаңылыктары менен адистерди кабарбар кылуу максатында маалымат беришти.

Бул иш-чарага жалпы Ош шаарындагы окуу жайлардын  химия сабагынын мугалимдери менен биргеликте Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медииналык колледжинин химия, биология жана фармация сабактар бирикмесинин окутуучулар жамааты катышып келишти.