Бүгүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде студенттер жана окутуучулар үчүн терапия, педиатрия жана акушердик бирикмеси тарабынан «Биз жаштардын саламаттыгы үчүн баңги заттардын зыяндуулугу менен күрөшөбүз» аталышындагы жолугушуу уюштурулду.
Иш чаранын коногу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы, милициянын полковниги Пусурманкулов Абдисамат Абдрасулович өзүнүн кызматкерлери менен болушту.
Бул жолугушууда студенттерге адистер тарабынан наркотиктин зыяндуулугу, бангизаттардын адам организмине тийгизген таасири, зыяндуулугу, натыйжасы тууралуу маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Берилген маалыматтар бангизаттын адам өмүрүнө тийгизген таасири жөнүндөгү видеороликтер менен коштолду. Жыйынтыгында көптөгөн суроо жооптор болду.