21-февраль күнү Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУнун медициналык колледжинин айымдары тарабынан «23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» карата уюштурулган салтанаттуу кече болуп өттү. Аталган иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, жалпы профессордук окутуучулар жамаатынын маанайын көтөрдү. Салтанаттуу кеченин жыйынтыгында Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Маннапович, Аялдар кеңешинин төрайымы Арынова Айгул Эргешовна жана медициналык колледждин директору Талипов Насыр Төлөшович сөзгө чыгып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Возможно, это изображение 7 человек и текст