Иш-чарага окуу жайдын ректору э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сарыков Сыргак Токтосунович катышып, биринчи курс студенттерин жаңы окуу жылы менен куттукташты. Алар сөзүндө медициналык адистиктин жоопкерчилиги жогору тармак экендигин белгилеп, студенттерге чыгармачылык ийгилик, сапаттуу билим жана кесипкөйлүккө умтулуу тилектерин айтышты.
Иш-чара жаңы кадам таштаган студенттердин медициналык билим жолуна мотивация берип, алардын академиялык коомчулукка кошулуусунун маанилүү этаптарынын бири болуп калды.— в расслабленном