Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде ата-энелер менен жолугушуу болду. Жолугушууга окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Исаков Топчубай Эргешович катышты. Медициналык колледждин директору Талипов Насыр Төлөшович ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, айтылган ар бир сунуш эске алынаары, мындан ары да чогуу иш алып баруу зарылчылыгы актуалдуу экендигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында медициналык колледжиндин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа иш чаранын катышуучуларына тартууланды.