Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу болду. Медициналык колледждин директору Талипов Насыр Төлөшович аккредитация жана адистиктердин негизги билим берүү программасы жөнүндө маалымат берип өттү. Медициналык колледждин практика жетекчиси У. Токторалиев агай сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусунда практиканын орду чоң экенин белгилеп өттү. Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн практикасына таянып, заман талабына ылайык, кесипкөй, тажрыйбалуу адистерди даярдоону сунушташты.