31-октябрь Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жаштар комитети тарабынан уюштурулган «Таланттарды издейбиз 2023» кароо сынагы болуп өттү. Сынакта жети түзүмдүн таланттуу студенттери ат салышып, жыйынтыгында медициналык колледждин ЛД-1-22 тайпасынын студенти Мухаммадали кызы Роза 1-орунду багындырып, акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланды.