Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин аялдар кеңешинин төрайымы А.Э Арынова медициналык колледждин окутуучулары жана студент кыздарына “Улуттун келечеги эненин колунда”- деген теманын алкагында аялдар кеңешин өткөрдү.
Аялдар кеңешинин төрайымы Арынова Айгүл Эргешовна «Аялдардын коомдогу орду» деген темада доклад окуду. Ош облустук психиатрия жана наркология бөлүмүнүн нарколог дарыгери Миңбаев Арсланбек Шакиржанович чакырылып, 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө басым жасап, андан соң жаңы наркотиктердин, электрондук сигареттердин зыяндуу таасири боюнча түшүндүрүп, колдонбоого үгүттөдү. Ош шаардык ички иштер башкармылыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн №4 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны Абдиев Ш. жана Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Асанов. Р “Зордук-зомбулук”- деген темадагы доклады окулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. КӨЭАУнун медициналык колледжинин педиатрия, акушердик жана гинекологиялык сабактар бирикмесинин окутуучусу Маматалиева Багдад «Үй-бүлөөнү пландаштыруу» деген темада доклад жасады. Соңунда медициналык колледждин ОИ боюнча директордун орун басары Э.К.Алиеванын кийинүү маданияты, жоолук ооронуунун түрлөрү жөнүндөгү доклады менен жыйынтыкталып, студенттер тарабынан концерттик программалар менен коштолду.