Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин химия, биология жана фармация бирикмесинин окутуучулары Алиева Эльмира жана Иманалиева Разван тарабынан 1-декабрь-бүткул дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган “Теңдикке убакыт келди” ураандын негизинде иш-чара болуп өттү. Иш чарага Ош областтык СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан атайын адистер Каныбек уулу Алмамбет, Маматалиева Толгонай чакырылып, СПИД боюнча студенттерге маалымат берилип, кызыктуу суроо- жооптор болуп өттү . Иш чаранын жүрүшүндө медициналык колледжинин 1- курстарынын студенттери чакан концерттик программа тартуулашты. Соңунда адистиктердин ортосунда “Эң мыкты плакат” конкурсу өткөзүлдү.


