Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин химия, биология жана фармация бирикмесинин окутуучулары Алиева Эльмира жана Иманалиева Разван тарабынан 1-декабрь-бүткул дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган «Теңдикке убакыт келди» ураандын негизинде иш-чара болуп өттү. Иш чарага Ош областтык СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан атайын адистер Каныбек уулу Алмамбет, Маматалиева Толгонай чакырылып, СПИД боюнча студенттерге маалымат берилип, кызыктуу суроо- жооптор болуп өттү . Иш чаранын жүрүшүндө медициналык колледжинин 1- курстарынын студенттери чакан концерттик программа тартуулашты. Соңунда адистиктердин ортосунда «Эң мыкты плакат» конкурсу өткөзүлдү.